Кара-Сууда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
10 январь

Кара-Сууда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Кара-Суу РИИБге 1981-жылы туулган А.Х. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Ж.М. аттуу жаран 2018-жылы чыгарылган “Rexton” үлгүсүндөгү автоунаасын 19 миң АКШ долларына баалашып алып, башка бирөөгө сатып, акчасын бербей, өз кызыкчылыгына иштетип жибергендигин билдирген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жиберилген.

Шектүү Ж.М. соттук кароого барбай койгондуктан ага карата издөө жарыяланган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2025-жылдын 31-декабрь күнү Ж.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда шектүү Ж.М. мындан башка дагы кылмыш иштерге тиешеси бар же жоктугу текшерилип жатат. Эгерде шектүү Ж.М.дан жабыр тарткан жарандар болсо 0990 01 90 90 телефон номурлары аркылуу кабар бересеңиздер болот.