Президент 2025-жылы канча киреше тапкан?
9 январь

Президент 2025-жылы канча киреше тапкан?

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2025-жыл үчүн мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандары менен багуусундагылардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү тууралуу жыйынды маалыматтарды жарыялады.

МСКнын маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2025-жылы 2 млн 214 миң 482 сом 38 тыйын киреше тапкан. Отчетто мамлекет башчысынын чыгымдары тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес.

  1. Президентке таандык болгон активдер:
  2. 2 627 чарчы метр аянттагы бизнес-борбор;
  3. Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан 0,63 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси;
  4. 2 125 чарчы метр приусадебдик, бакча-огороддук жер тилкеси;
  5. 100 000 сомдук жеңил автоунаа.

Мындан тышкары, декларацияда 1 млрд 163,5 млн сом өлчөмүндөгү мүлктү легалдаштыруу көрсөтүлгөн.

Президенттин жакын туугандарынын кирешелери 29 706 840 сомду түзгөн. Алардын чыгымдары тууралуу маалымат ачыкталган эмес.

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациялары чиновниктердин кирешелери менен мүлкүнө айкындуулук жана көзөмөл жүргүзүү максатында жыл сайын жарыяланып турарын белгиледи.