Кыргызстандын элчиси Бахрейндин тышкы иштер министри менен жолукту
Үстүбүздөгү жылдын 18-февралында Элчи Улукбек Марипов Бахрейн Падышлыгына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Бахрейндин Тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяни менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-бахрейн мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарына өз ара колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.
Тактап айтканда, элчи У. Марипов менен министр А. Аль-Заяни эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультацияларды өткөрүү, өкмөттөр аралык комиссияны жана кыргыз-бахрейн бизнес кеңешин, ошондой эле Кыргызстан менен Бахрейндин ортосунда аба каттамдарын түзүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улан Марипов Бахрейн министрине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан Бахрейндин Мураскер ханзаадасы, премьер-министри Улуу Даражалуу Шейх Салман бин Хамад Аль-Халифага Бахрейндин жогорку деңгээлдеги делегациясын быйыл жайында Бишкекте өтө турган Борбордук Азия жана Булуңдагы Араб Мамлекеттеринин Кызматташтык кеңешинин (БАМКК) экинчи инвестициялык форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга жөнөтүү өтүнүчүн камтыган атайын катты тапшырды.
Өз кезегинде, А. Аль-Заяни Кыргызстандын жетекчилигине чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, Бахрейн тараптын Кыргызстан менен эки тараптуу да, көп тараптуу форматта да, анын ичинде БАМКК+Борбордук Азия платформасынын алкагында мамилелерди мындан ары чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.
Ошону менен бирге А. Аль-Заяни кыргыз-бахрейн эки тараптуу мамилелеринин өнүгүү динамикасын жогору баалап, өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча кызматташуунун өнүгүү келечегин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар күн тартипте турган бардык маселелерди алдыга жылдыруу, анын ичинде эки тараптуу документтерди макулдашуу, эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарлардын алкагында аларды кол коюуга даярдоо боюнча ишти улантууну макулдашты.
