Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттик Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын реестринде катталуу зарылдыгын эске салат
19 февраль

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттик Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын реестринде катталуу зарылдыгын эске салат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жеке маалыматтарды иштеп чыгуучу бардык уюмдардын жана юридикалык жактардын көңүлүн Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамынын ченемдерине ылайык Жеке маалыматтар массивдеринин ээлеринин реестринде милдеттүү түрдө катталуу керек экендигине бурат.

Реестрде каттоо жеке маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, ошондой эле бул тармактагы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөөгө багытталган.

Реестрдин негизги максаттары: жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоо, маалымат кармааочуларынын жана массивдеринин эсебин алуу, маалыматтарды иштеп чыгуунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана алардын мыйзамсыз пайдаланылышын алдын алуу.

Реестр мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөөнү камсыз кылат жана жеке маалыматтар менен иштөө тартибин белгилейт.

Реестрге катталуу үчүн Мамлекеттик агенттиктин  dpa.gov.kg - расмий сайтындагы навигациялык панелинен “Реестр” бөлүмүнө өтүү керек.

Реестрге каттоо юридикалык жактын булуттук электрондук колтамгасы аркылуу бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу авторизациялангандан кийин жүргүзүлөт.

Мамлекеттик агенттик жеке маалыматтардын массивдеринин ээлерине мыйзамдарды бузбоо үчүн каттоодон өтүүнү катуу сунуштайт.