видеодон алынган кадр
9 сентябрь
Ноокен районунда селден жабыркаган 41 үй-бүлөгө 9 млн сомдон ашык кенемте төлөндү
Ноокен районунда селден жабыркаган 41 үй-бүлөгө 9 млн сомдон ашык кенемте төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.
Кенемтелерди МКУнун төраганын орун басары Закир Айдралиев жана Төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Азат Сатыбалдиевич тапшырды.
Турак жайы жабыркагандардын бири айыл тургуну Уланбек Досоновко 500 миң сом кенемте берилди.
Белгилей кетсек, турак жайды милдеттүү камсыздандыруу:
- • Айылда — жылына 600 сом
- • Кенемте — 500 000 сомго чейин
