Өзгөн районунда энергетиктер күз-кыш мезгилине даярдык көрүп жатышат
Ош электр тармактар ишканасы
9 сентябрь

Өзгөн районунда энергетиктер күз-кыш мезгилине даярдык көрүп жатышат

2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата электр тармактарын даярдоо жана электр жабдууларын оңдоп-түзөө иштери Өзгөн районунда белгиленген планга ылайык жүргүзүлүүдө.

“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Өзгөн РЭТинде, 2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгы менен капиталдык оңдоонун алкагында жалпы 86 даана трансформатордук көмөк чордону (КТП) капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Анын ичинен Куршаб айыл аймагында - 19, Жазы айыл аймагында - 18, Мырза-Аке айыл аймагында - 12, Салам-Алик айыл аймагында - 10 жана Өзгөн бөлүмүндө - 27 КТП оңдолду.

Ошондой эле 10 кВ аба чубалгыларында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жалпы 595 чакырым аба чубалгысы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Мындан тышкары, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында учурдагы оңдоо иштери да жүргүзүлүүдө. 7 ай ичинде жалпы 397 даана КТП утурумдук ремонттон өткөрүлдү.

Бүгүнкү күндө капиталдык жана учурдагы оңдоо иштеринин алкагында электр тармактарын күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдоо боюнча иштер уланууда.

Капиталдык ремонт:

  • ВЛ-10 кВ - жылдык план 878 км, 7 айда 595 км аткарылды;
  • КТП - жылдык план 141 даана, 7 айда 86 даана оңдолду.

Учурдагы ремонт:

  • ВЛ-10 кВ - жылдык план 880 км, 7 айда 596 км аткарылды;
  • ВЛ-0,4 кВ - жылдык план 797 км, 7 айда 449 км аткарылды;
  • КТП - жылдык план 673 даана, 7 айда 397 даана оңдолду.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты - электр тармактарынын туруктуу жана ишенимдүү иштешин камсыз кылып, күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түзүү.