Базар-Коргондо 187 млн сомго бааланган 4 гектар жер муниципалдык менчикке кайтарылды
Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Бишкек-Ош автожолунун Базар-Коргон шаары аркылуу өткөн бөлүгүнүн боюндагы, калктуу конуштардын жерлерине таандык 4 гектар жер тилкеси 2013-жылы Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан жеке жактардын менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөнү аныкталды.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында 187 млн 876 миң сомго бааланган жер тилкеси толугу менен муниципалдык менчикке кайтарылды.
