Воркаут, бассейн жана шахмат аянты. Куланак айылында жаңы парк пайда болот
Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Куланак айылында А.Орозакунов атындагы парк пайда болот. Бул тууралуу Мамкулуш агенттигинен билдиришти.
Парктын жалпы жер аянты 0,63 гектар. Анын ичинде бассейн, сахна, Улуу Ата мекендик согушунун ардагерлеринин эстелиги, балдар ойноочу аянтча, чуркоо жолу, түнкү жарыктандыруу, воркаут, шахмат аянты жана башка объекттер жайгашат.