Бишкектин мэри беш көчөдөгү оңдоо иштерин тездетүүнү тапшырды
5 август

Бишкектин мэри беш көчөдөгү оңдоо иштерин тездетүүнү тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Малышев, Можайский, Профессор Зима, Кронштадт жана Фучик көчөлөрүнүн реконструкциялоо жүрүп жаткан иштердин жүрүшүн текшерди.

Мэриядан кабарлашкандай, жол инфраструктурасын курууга гана эмес, ошондой эле чектеш аймактарды комплекстүү жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мэр реконструкцияланып жаткан көчөлөрдүн бойлорун сапаттуу жашылдандырууну, имараттардын фасадынын көрүнүшүн жаңылоону, расмий делегациялар өтүүчү каттамдарда жайгашкан жарнамалык конструкцияларды жана маалымат такталарын тартипке келтирүүнү тапшырды.

Шаар  башчысы тротуарларды курууда бак-дарактардын сакталышын камсыз кылууга, түптөрүн бетондоп салбоого милдеттендирди.

Ошондой эле пандустарды орнотууда майыптыгы бар жарандардын тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыз кылуу максатында эңкейиш нормаларынын талаптарын сактоо тапшырылды.