Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектүү жаран кармалды
Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 7-январында Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматына Биринчи Май районунун аймагында белгисиз адам синтетикалык баңгизаттарды сатууга тиешеси болушу мүмкүн экендиги тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек–Чүй каналынын түндүк тарабында, Тоголок Молдо көчөсүндө баңгизаттарды «закладка» жолу менен жайгаштырып жүргөн жаран кармалган. Жеке тинтүү жүргүзүү учурунда андан синтетикалык баңгизат заты салынган 5 даана түйүнчөк табылып алынган.
Кармалган жаран 2001-жылы С.А., туулган болуп чыкты. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал баңгизаттарды Telegram мессенджери аркылуу алып, шаар аймагында «закладка» ыкмасы менен тараткан.
Кошумча тергөө аракеттеринин жүрүшүндө шектүү дагы 14 «закладканын» ордун көрсөтүп берген, ал жерлерден кошумча түйүнчөктөр алынган. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн синтетикалык баңгизаттын 19 даана түйүнчөгү алынган.
Учурда шектүүгө карата тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Тергөө иштери улантылууда.
