"Келечек" реабилитациялык борборунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү
21 сентябрь

"Келечек" реабилитациялык борборунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү

"Келечек" реабилитациялык борборунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, иш-чарага эмгек министринин орун басары Кыял Жанузакова катышты.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусуна, ошондой эле 23-сентябрда боло турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналды.

"Өлкөбүздүн кайра жаралуу жолу курч саясий күрөш менен коштолуп, узак жана оор болду. Бүгүнкү мамлекет – эзелтен кыргыз жерин сактап, коргоп келген улуу ата-бабаларыбыздын даанышмандыгынын жана баатырдыгынын натыйжасы"- деди Кыял Жанузакова.

Ошондой эле борбордо көрсөтүлүп жаткан кызматтардан оң натыйжаларга жетишүү үчүн борбордун кызматкерлеринин талыкпаган эмгегинин, ошондой эле балдардын ата-энелеринин чыдамкайлыгынын жана эрдигинин аркасында мүмкүн экендигин белгиледи.

Ал реабилитациялык борбордун кызматкерлерине,  ата-энелерге жана балдарга ден соолук каалап, алардын мамлекеттин социалдык туруктуулугун өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалады.


“Келечек” реабилитациялоо борбору Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдын декабрь айында ачылган.

Аталган реабилитациялоо борборунун негизги максаты өзгөчөлүктөрү бар балдарды социалдаштыруу, атайын ребилитациялык кызматтарды көрсөтүү жана алардын ата-энелерине, балдарга кам көрүү, тиешелүү колдоолорду жана жардамдарды берүү болуп саналат.