Чүйдө үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды
8 январь

Чүйдө үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды

2026-жылдын 7-январында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1995-жылы туулган А.З. аттуу жаран өзүнүн жолдошуна карата чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 7-январында болжол менен саат 12:00 чамасында, Ивановка айылындагы жашаган үйүндө үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда жолдошу- жаран А.Э. ага дене жаракаттарын келтирген.

Аталган факт мыйзам чегинде каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Экспертизанын жыйынтыгына ылайык төмөнкүдөй дене жаракаттары аныкталган: оң тарабындагы төртүнчү кабыргасынын жылышы менен жабык сыныгы, жумшак ткандардын көп сандаган көгөрүүлөрү жана сыйрылуулары.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 177-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен кылмыш иши козголду.

1993-жылы туулган шектүү А.Э. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Чүй ОИИББ эскертет: аялдарга жана жашы жете электерге карата агрессиянын жана зомбулуктун бардык түрлөрү катуу түрдө бөгөттөлүп, күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.