Транспорт тармагы: Кыргыз-кытай делегаттары Пекинде жолукту
20 сентябрь

Транспорт тармагы: Кыргыз-кытай делегаттары Пекинде жолукту

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев 19-20-сентябрь күндөрү Кытайга жасаган иш сапарынын алкагында кытайлык кесиптеши Ли Янг менен жолукту. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, орун басарлар баштаган эки өлкөнүн транспорт тармагынын жооптуу өкүлдөрүнөн түзүлгөн делегациялардын жолугушуусунда кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланды.

Тактап айтканда, тараптар транспорт жаатындагы айрым маселелер жана аларды чечүү жолдору менен бирге ортодогу алаканы бекемдеп, кызматташтыкты өркүндөтүүнү кеп кылышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2025-жылга эл аралык жүк ташууда керектелүүчү уруксат кагаздарынын жана 2024-жылга кошумча уруксат кагаздарынын көлөмү макулдашылды.