Чүй облусунда ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча шектелген жаран кармалды
11 февраль

Чүй облусунда ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча шектелген жаран кармалды

2026-жылдын 6-февралында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө “К.Ж.” фермердик дыйкан чарбасынын өкүлү, М.Б. аттуу жаран кайрылып, 1998-жылы туулган Ж.Э. аттуу жаранга чара көрүп берүүнү суранды. Ал арызында, Ж.Э. 2025-жылдын октябрь айында чарбада малчы болуп иштеп, 50 баш музоонун багылуусу жана жайылтылышын 2026-жылдын апрель айына чейин өзүнө милдет алган.

Бирок 2026-жылдын январь айында аталган жаран өз алдынча малды сатып жиберип жана түшкөн каражатты онлайн-казино оюндарында ысырап кылган. Материалдык зыяндын суммасы 3 700 000 сомду түзгөн.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесине ((Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу) ылайык кылмыш иши козголду.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процестик кодексинин 96-беренесине ылайык, 1998-жылы туулган Ж.Э. аталган кылмышты жасоого шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш ишинин тергөө иштери уланууда.