Акылбек Жапаров менен Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф жолугушту
1 октябрь

Акылбек Жапаров менен Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарында (Армения Республикасы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө, транспорт жана логистика тармагында өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун келечегин талкуулашты.