Кыргызстандыктардын 7,6% гана күн сайын жасалма интеллектти колдонот
Дүйнөдө чоңдордун 30%дан ашыгы күн сайын жасалма интеллекттин (ЖИ) куралдарын колдонушат — сатып алууларды пландаштыруудан тартып, фильм тандоого жана маалыматтарды иштетүүгө чейин.
ЖИни киргизүү боюнча алдыңкы орундарды Бириккен Араб Эмираттары ээлейт, анда калктын 59,4%ы нейротармактарды активдүү пайдаланат, ошондой эле Сингапур — 58,6%.
КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң жогорку көрсөткүчтү Грузия көрсөттү — 17,3%, бул региондогу башка мамлекеттерден кыйла жогору. Андан кийин:
- Молдова — 16,6%
- Азербайжан — 14,2%
- Казакстан — 12,7%
Ошол эле учурда Кыргызстан Россия жана Беларусь менен бирге 7,6% деңгээлде, бул көрсөткүч Украинадан (9,1%) да төмөн.
ЖИни эң аз колдонгон өлкөлөр:
- Өзбекстан — 5,7%
- Тажикстан — 5,1%
- Түркмөнстан — 5,1%
Rambler & Co компаниясынын маалыматы боюнча, Россияда калктын 39%ы маал-маалы менен күнүмдүк, жөнөкөй иштерди жасалма интеллектке тапшырса, 60%дан ашыгы виртуалдык жардамчыларга эң эле жөнөкөй аракеттерди да ишенип берүүгө азырынча даяр эмес.
Ошол эле учурда ЖИ турмушубузга активдүү кирип жатат. Мисалы, саламаттык сактоо тармагындагы жасалма интеллекттин дүйнөлүк рыногу рекорддук ылдамдыкта өсүүдө:
- 2025-жылы анын көлөмү 22 млрд АКШ долларына жакындашы мүмкүн,
- ал эми 2030-жылга чейин 110 млрд доллардан ашат деп күтүлүүдө.
Бул технологиялар ооруларды так аныктоого жана жаңы дары-дармектерди иштеп чыгууга олуттуу жардам берүүдө.
КМШ өлкөлөрү жана Кыргызстан боюнча негизги көрсөткүчтөр:
- Грузия — 17,3%
- Молдова — 16,6%
- Азербайжан — 14,2%
- Казакстан — 12,7%
- Украина — 9,1%
- Россия — 7,6%
- Беларусь — 7,6%
- Кыргызстан — 7,6%
- Өзбекстан — 5,7%
- Тажикстан — 5,1%
- Түркмөнстан — 5,1%
