Ош шаарында 8-класстын окуучусун тоногон бала кармалды
Ош шаарында өспүрүмдү тоноп, акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан жашы жете электерге карата зомбулук көрсөтүп, аларды тоноп жүргөн Ош шаарынын 2004-жылы туулган тургуну М.Б., кармалды.
Тергөө кызматынын алгачкы маалыматтарына ылайык, шектүү шаардагы мектептердин биринин 8-классынын окуучусунун «Айфон» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун коркутуп тартып алган. Окуя ушул жылдын 9-февралында болгон.
Мындан тышкары, шектүү жабырлануучунун дарегин тактап, аны коркутуп акча талап кыла баштаган.
Натыйжада, жабырлануучудан 2 миң сом акчаны алып жаткан учурда М.Б. милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын жанынан талап кылган акча жана бычак алынган.
Шектүү Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Белгилүү болгондой, ал мурда 4 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Учурда бул факты боюнча тиешелүү материалдар чогултулуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмү тарабынан аталган жарандан жабыркагандар болсо, төмөнкү байланыш номерлерине кайрылууну өтүнөт: 03222 6-27-57, 0551 50-71-50.
