Нарын РИИБи кибер алдамчылыкка каршы түшүндүрүү иштери өткөрүлдү
2025-жылдын 21-ноябрь күнү Нарын районуна караштуу Мин-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Солтон-Сары жайлоосундагы “Авелум Кыргыз Алтын”, ошондой эле Бучук жайлоосундагы “Джонджи Майнин” жана “Чайна Голд” ишканаларында профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
Иш-чарада Индия жана Кытай жарандарына, ошондой эле жергиликтүү ишкерлерге кибер алдамчылыктын алдын алуу боюнча маалыматтар берилди. Социалдык тармактар аркылуу келген шектүү шилтемелерге кирбөө, жеке маалыматтарды бөлүшпөө жана алдамчылардын ыкмаларынан сак болуу боюнча эскертүүлөр айтылды.
Ошондой эле чет өлкөлүк эмгек мигранттарына жүрүм-турум эрежелерин сактоо, мыйзамдарды так аткаруу жана коомго жат көрүнүштөрдөн алыс болуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Жарандардын документтери текшерилип, визалык абалдары көзөмөлгө алынды.
Иш-чара “Арсенал” аталышындагы иш-чаранын алкагында өткөрүлдү.
