Чүй облусунда жасалма айдоочулук күбөлүк менен жаран кармалды
Чүй облусунда жасалма айдоочулук күбөлүк менен жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 27-декабрында Чүй ОИИББнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору кызмат өтөө учурунда “KIA Optima” үлгүсүндөгү унааны токтотуп, аны 1995-жылы туулган Х.Ш. аттуу жаран айдап бара жаткандыгы аныкталган.
Айдоочунун документтерин текшерүү учурунда айдоочулук күбөлүктүн жасалмалыгына шек туудурган белгилер аныкталган. Аталган факт мыйзам чегинде катталып, соттук-техникалык экспертиза дайындалган.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, 2024-жылдын 29-мартында Х.Ш. аттуу жаранга берилген Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү керектөөчү багыттагы капелдүү-струйный принтер менен жасалгандыгы жана “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан салыштыруу үчүн берилген расмий айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарынын даярдоо ыкмасына туура келбестиги аныкталган. Ушуга байланыштуу, аталган документ жасалма деп табылган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 379-беренеси (Документтердин жасалмалоо жасоо) менен кылмыш иши козголду.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 96-беренесинин негизинде, 1995-жылы туулган Х.Ш. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда иш боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Тергөө улантылууда.
