Сайы жок курал, тапанча жана ок-дарылар алынды. Сүлүктүдө “Арсенал” операциясы жүрүүдө
7 январь

Сайы жок курал, тапанча жана ок-дарылар алынды. Сүлүктүдө “Арсенал” операциясы жүрүүдө

Сүлүктү шаарынын аймагында “Арсенал” аттуу профилактикалык операциясы жүрүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө каттоодо турган мергенчилер милиция кызматкерлери тарабынан текшерилип, курал сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 жаранга административдик протокол түзүлдү.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында 2 даана сайы жок курал, 3 газо-травматикалык пистолет жана 21 даана ок-дары алынган.

Мындай иштер курал-жарактардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.