Ош шаарындагы эң узун көчөдө оңдоп-түзөө иштери башталды
видеодон алынган кадр
7 сентябрь

Ош шаарындагы эң узун көчөдө оңдоп-түзөө иштери башталды

Ош шаарындагы Б. Осмонов көчөсүн реконструкциялоонун алкагында жолдун биринчи тарабына асфальт төшөө иштери башталды.

Мэриядан кабарлашкандай, жүргүзүлүп жаткан иштерди Ош шаарынын мэри жеке көзөмөлүнө алып, жеринде текшерүүдө.

Белгилей кетсек, аталган көчөнүн узундугу 5 чакырымдан ашып, 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата пайдаланууга берилет.