Кыргызстандык жарандардын алгачкы тобу Словакияга иштөө үчүн жөнөп жатышат
7 январь

Кыргызстандык жарандардын алгачкы тобу Словакияга иштөө үчүн жөнөп жатышат

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды жумушка орноштуруу борборунда Словакияга иштөөгө жөнөтүлө турган талапкерлердин биринчи тобу үчүн өткөрүлгөн жолго чыгар алдындагы окутуу тууралуу маалымат берилди.

Бул демилге Словакиянын Index Noslus (ИНДЕКС НОСЛУШ) агенттиги менен түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында ишке ашырылууда. Окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга жумушка орношуу шарттары, кызматкерлердин укук-милдеттери, Словакиянын эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле өлкөдө болуу жана адаптация эрежелери түшүндүрүлдү. Өзгөчө көңүл коопсуз жана мыйзамдуу эмгек миграциясы маселелерине бурулду, анткени бул чет өлкөдө иштөөнүн негизги шарты болуп саналат.
Биринчи топту жөнөтүү 2026-жылдын 7-январына пландалган.

Index Noslus агенттиги менен түзүлгөн келишимдин алкагында Кыргызстан үчүн автобус айдоочулары боюнча 50 бош орун каралган.
Талаптар:

  • жаш курагы 22ден 50 жашка чейин;
  • «D» категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
  • соттолбогон болуусу;
  • өнөкөт ооруларынын жоктугу.

Мындан тышкары, Словакия Республикасындагы завод 50 жашка чейинки кыргызстандыктарды оператор жана өндүрүш жумушчусу адистиктери боюнча ишке чакырууда.
Эмгек акысы айына 1 472 евродон башталат.