Айдаркендеги муз тебүүчү жайда коопсуздук чаралары күчөтүлдү
7 январь

Айдаркендеги муз тебүүчү жайда коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Айдаркендеги муз тебүүчү жайда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Айдаркен шаарчасында жайгашкан "Перевал" муз тебүүчү жайы кышкы сезондо эс алуучулар үчүн эшигин ачып, жарандардын агымы кескин көбөйүүдө.

Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө баалуу буюмдарын (телефон, акча, зер буюмдар) жоготуп алуу же уурдатуу учурларынын алдын алуу максатында, Баткен ОИИБдин Кайгуул күзөт кызматынын өзгөчө реакциядагы кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Бул иш-чаранын негизги максаты – эс алуучулардын бейпилдигин сактоо, ар кандай мыйзам бузуулардын жана кокустуктардын алдын алуу.