Ала-Арчада бутун кокустатып алган эс алуучу куткарылды
Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын жогору жагында жайгашкан шаркыратма тилкесине эс алууга чыккан эркек киши бутун кокустатып алып, түшө албай калган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Жерине Ала-Арча паркында нөөмөттө турган ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Эдельвейс куткаруу кошуунунун 3 куткаруучусу тартылган. Алар 45 жаштагы М.Н. аттуу жаранды Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткирип, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Абалы туруктуу.
