Ысык-Көл жана Томск облустары кызматташат. Келишимге кол коюлду
Ысык-Көл жана Томск облустары кызматташат. Тиешелүү меморандумга 30-сентябрда кол коюлду. Бул тууралуу президенттин ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, документке онлайн режиминде кол коюлган.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев жана Томск облусунун губернатору Владимир Мазур ар тармактуу кызматташуу, анын ичинде экономика, туризм, билим берүү жана экология боюнча тыгыз иш алып барууга даярдыгын ырасташты.
Меморандум эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, анын ичинде туризм, билим берүү жана маданий программалар, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо боюнча биргелешкен долбоорлор боюнча тажрыйба алмашууга багытталган.
Бул келишимге кол коюу аймактар аралык мамилелердин жаңы этабын көрсөтүп, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтыкты бекемдейт.