Аял Ош шаарынын мэринен аскерден майып болуп келген баласы үчүн жардам сурады
14 май

Аял Ош шаарынын мэринен аскерден майып болуп келген баласы үчүн жардам сурады

Бүгүн, 14-майда Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. 

Анда Замира Ахмаджанова аттуу тургун мэрден майып болуп калган баласы үчүн жардам сурады. 

Айтымында, аялдын эки баласы майып, өзүнүн да ден соолугу жакшы эмес. Бир баласы 2013-жылы аскерде таяк жеп, эки бөйрөгүнөн жабыркап, жыйынтыгында гемодиализге түшүп калган. 

“Балам 1-топтогу майып. Экинчи балам ага донор болгон, өзүнүн беш баласы бар. 2018-жылы жерибизди саттык, азыр ижараг алынган үйдө жашайбыз. Азыр ал үйдү да бошотуп берүүгө туура келип жатат. Өтө оор абалда калдык, кайрылбаган жагыбыз калбады. Мэрияга да кайрылдык. 7 балабыз менен азыр көчөдө калдык. Үйдө 3 майып адам бар, бирөөсү мен. Мага баш мээнин рагы деген диагноз коюлган”, – деди ал. 

Жанар Акаев аялга жардам берүүнү убадалап, жардамчыларына тургундун телефон номерин жазып алууну тапшырды.