Транспорттук көзөмөл пункттарында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу тапшырылды
Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин тапшырмасы менен министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев “Ак-Тилек” жана “Моловодное” транспорттук көзөмөлдөө пункттарынын ишмердүүлүгүн жеринен текшерди. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Иш сапар салмак-габариттик көзөмөл тутумдарынын иштеши, жабдуулардын техникалык абалы, оор жүк ташуучу унаалардын белгиленген ченемдерди сактоосу жана көзөмөлдөө жол-жоболорунун аткарылышы каралды.
Министрдин протоколдук тапшырмасына ылайык, транспорттук көзөмөлдөө пункттарында иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана мыйзам талаптарынын так сакталышы негизги маселелер катары каралган.
Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, кызматкерлердин жеке жоопкерчилигин күчөтүү жана көзөмөлдөө процессинде адам факторун минималдаштыруу зарылдыгы белгиленди.
Тактап айтканда салмак-габариттик көзөмөлдү мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү,
- кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга, мыйзамсыз төлөмдөргө жана ар кандай коррупциялык аракеттерге жол бербөө,
- транспорт каражаттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана унаа тыгындарын азайтуу талаптары коюлду.
Белгилей кетсек, салмак-габариттик талаптардын сакталышы автомобиль жолдорунун бузулушун алдын алуу, жол инфраструктурасын сактоо жана кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу үчүн маанилүү.
Министрлик бул багыттагы көзөмөл иштерин улантып, коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүдө мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту жана кызматтык жоопкерчиликти камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурат.
