176 жыл ичинде дүйнөдө 405 улуттук валюта жүгүртүүдөн чыккан
Иллюстрациялык сүрөт
15 ноябрь

176 жыл ичинде дүйнөдө 405 улуттук валюта жүгүртүүдөн чыккан

1850-жылдан 2026-жылга чейин дүйнөдө 405 валюта өз ишин токтоткон. Экономисттер изилдеген 568 акча бирдигинин ичинен бүгүнкү күндө 163ү гана колдонулуп келет. Ал эми валютанын орточо жашоо мөөнөтү медианалык көрсөткүч боюнча 33 жылды түзөт.

Мындай маалыматтар Эл аралык эсептешүүлөр банкынын (BIS) Оксфорд университетинин тарыхчысы Кэтрин Шенк менен биргеликте даярдаган изилдөөсүндө келтирилген. Изилдөө 2026-жылдын 6-ноябрында жарыяланган.

Изилдөөчүлөр улуттук валюталар көбүнчө саясий өзгөрүүлөрдүн, биринчи кезекте мамлекеттердин көз карандысыздыкка ээ болушунун натыйжасында пайда болгонун аныкташкан. Ал эми алардын жүгүртүүдөн чыгышына негизинен акча реформалары, инфляция жана экономикалык солкулдоолор себеп болгон.

Изилденген валюталардын дээрлик төрттөн бири 10 жылга жетпеген убакыт колдонулган.

Жүгүртүүдөгү акча бирдиктеринин саны эң көп болгон мезгил 1994-жылга туура келип, анда 192 валюта катталган. Кийинчерээк алардын саны азайган. Буга Европанын бир катар өлкөлөрүнүн еврого өтүшү да себеп болгон.

«Московский комсомолец» басылмасы жазгандай, каржы талдоочусу Александр Разуваев дүйнөлүк валюта системасы келечекте да өзгөрүүнү улантарын болжолдойт.

Анын пикиринде, мүмкүн болгон сценарийлердин бири — Кыргызстан, Россия, Казакстан, Беларусь жана Армения кирген Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү валютасын түзүү.

Эксперт «евразиялык евро» деп аталган идея 2010-жылдары эле талкууланганын эске салды. Бирок азырынча бул ЕАЭБ өлкөлөрү кабыл алган чечим эмес, гипотетикалык акча бирдиги болуп саналат.

Разуваев ошондой эле еврозонанын ыдырап, айрым Европа мамлекеттери улуттук валюталарына — немис маркасына, француз франкына, италия лирасына жана башка акча бирдиктерине кайтып келиши мүмкүн экенин да жокко чыгарбайт. Бул — анын жеке божомолу, BIS изилдөөсүнүн тыянагы эмес.

Эксперт мүмкүн болгон башка өзгөрүүлөрдүн катарында АКШ, Канада жана Мексика үчүн «амеро» деп аталган бирдиктүү Түндүк Америка валютасын түзүүнү, ошондой эле Африка өлкөлөрү үчүн жалпы акча бирдигин киргизүү идеясын атады.

Талдоочунун пикиринде, мындай өзгөрүүлөрдө геосаясий процесстер жана саясий лидерлердин чечимдери негизги ролду ойнойт.

Узак мөөнөттүү келечекте Разуваев бирдиктүү дүйнөлүк валютанын жана глобалдык борбордук банктын пайда болушун да четке какпайт. Ал мындай мүмкүнчүлүктү технологиялардын өнүгүшү, эл аралык сооданын кеңейиши жана каржы интеграциясынын тереңдеши менен байланыштырат.

Ошол эле учурда эксперт мындай өзгөрүүлөрдүн качан болушу мүмкүн экенин так айткан эмес.

BISтин изилдөөсүндө евронун жүгүртүүдөн чыгышы же ЕАЭБдин бирдиктүү валютасын түзүү болжолдонбойт. Анын негизги максаты — дээрлик эки кылым аралыгында саясий жана экономикалык процесстер акча бирдиктеринин пайда болушуна жана жоголушуна кандай таасир эткенин көрсөтүү.