
Кара-Сууда мамлекеттик кызматкер жер тилкесине байланыштуу документ алууда пара талап кылып кармалды
Кара-Суу районунда мамлекеттик кызматкер жер тилкесине байланыштуу документ алууда пара талап кылып кармалды, деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Кара-Суу районунун тургуну М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жер ресурстары, кадастр геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Суу филиалынын «А» аттуу кызматкери, жер тилкесин бөлүштүрүп документтерин берүү үчүн 30 000 сом талап кылып жаткандыгын билдирген.
Факт боюнча Ош ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
2024-жылдын 28-сентябрь күнү Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Кара-Суу районунун Маданият айылында 30 миң сом өлчөмүндө акча алган учурда Жер ресурстары, кадастр геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Суу филиалынын кызматкери 1959-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалды.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин ылайык 1959-жылы туулган С.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.
Ички иштер министрлиги тарабынан мамлекеттик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү жана мамлекеттик органдардын беделин түшүргөн кызмат адамдарынын катарын тазалоо боюнча иштер улантылууда.