Карылар үйүндөгү өрт. Саламаттык сактоо министри жабыркагандардан кабар алды
6 январь

Карылар үйүндөгү өрт. Саламаттык сактоо министри жабыркагандардан кабар алды

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бишкек шаарындагы Шашылыш медициналык жардам клиникалык ооруканасына барып, карылар үйүндө чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандардын абалы менен таанышты.

Жалпысынан ооруканага 14 бейтап жеткирилген: 13 бейтапка — көмүр кычкыл газы менен уулануу диагнозу коюлган, 1 бейтапта — I даражадагы күйүк жаракаттары аныкталган.

4 бейтаптын абалы орточо оор, 2 бейтаптыкы оор, ал эми 8 жабыркаган адамдын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Абалдын оордугу кошумча өнөкөт ооруларга, көмүр кычкыл газы жана күйүү продуктулары менен ууланууга байланыштуу.

Министр ооруканага жаткыруу шарттары, бейтаптарды дарылоонун жүрүшү менен таанышып, жабыркагандарга тийиштүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча зарыл тапшырмаларды берди.