Нарын дарыясына түшүп кеткен бала табыла элек. Издөө иштерине 40 адам тартылды
КР ӨКМ
9 апрель

Нарын дарыясына түшүп кеткен бала табыла элек. Издөө иштерине 40 адам тартылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында Нарын дарыясына түшүп кеткен жаш баланын сөөгүн издөө улантылууда. Бул тууралуу КР ӨКМден кабарлашты. 

Бүгүн, 9-апрелде издөө иштерине жалпы 40 адам, 2 кайык тартылды.

Эске салсак, 2026-жылдын 5-апрелинде 2018-жылы туулган К.И. аттуу жаш бала Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн убакыттан бери издөө иши үзгүлтүксүз улантылууда.