Эки адам каза болуп, 15и эвакуацияланды. Бишкекте карылар үйүнөн өрт чыкты
6 январь

Эки адам каза болуп, 15и эвакуацияланды. Бишкекте карылар үйүнөн өрт чыкты

Бишкектеги Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Кырсык бүгүн, 6-январда катталган. 

Жерине жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.

Учурда өрт чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Тилсиз жоодон 15 адам эвакуацияланып, 2 адам каза болду.

Кошумча маалымат берилет.