Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген жер адиси кармалды
21 ноябрь

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген жер адиси кармалды

2025-жылдын 18-август күнү Аламүдүн РИИБге 1965-ж.т Х.Р. атту жаран арыз менен кайрылган. Арызында 2024-жылдын февраль Аламүдун районунун бир айыл өкмөтүнүн кызматкери М.У. арыз ээсине таандык жер тилкесинин документтерин жасап берем деп убада берип, анын уулу Х. А.дан 375 000 (үч жүз жетимиш беш миң) сом акча алгандыгын билдирген. Бирок ал берген убадсын аткарбай, документтерди даярдабаганы, каражатты кайтарбай койгону жана ар кандай себептерди айтып, өз милдетинен качып жүргөнү билдирип, чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факт катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда М.У. буга чейин Аламүдүн районуна караштуу бир айыл өкмөтүндө жер жана айыл чарба маселелери боюнча адиси болуп иштегендиги, учурда Ысык-Ата районуна караштуу бир айыл өкмөтүндө жер адиси болуп эмгектенип жаткандыгы аныкталган.

2025-жылдын 19-ноябрында М.У. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Райондук сот анын баш коргоо чарасы катары камакка алуу чечимин чыгарган.

Тергөө иштери улантылууда.