Жол ачылды. Бишкек – Нарын – Торугарт трассасына түшкөн кар тазаланды
КР Транспорт министрлиги
5 март

Жол ачылды. Бишкек – Нарын – Торугарт трассасына түшкөн кар тазаланды

Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 297–305-чакырым аралыгында кар көчкү тазаланып, учурда жол ачылды.

Транспорт министрлиги билдиргендей, азыркы тапта аталган тилкеде унаалар үчүн эки тараптуу каттам камсыздалды.

Белгилей кетсек, бул жол тилкесинде кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.

Кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралган учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан керектүү атайын техникалар жана жолчулар даяр турат.

Транспорт министрлиги жол кыймылынын катышуучуларынан сак болууну жана жол коопсуздугунун эрежелерин так сактоону өтүнөь.