Бишкек жана Чхонджу шаарларынын мэрлери туризмди өнүктүрүүнү пландаштырууда
30 сентябрь

Бишкек жана Чхонджу шаарларынын мэрлери туризмди өнүктүрүүнү пландаштырууда

Бул Меморандумдун максаты Бишкек шаарынын жашоочулары менен Чхонджу шаарларынын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү жана достукту чыңдоо, шаар куруу, экология, инфраструктура, билим берүү жана маданият, экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде туризм, соода жана инвестициялар жаатындагы биргелешкен долбоорлорду тереңдетүү жаатында билим, тажрыйба   алмашууну колдоо жана өнүктүрүү болуп саналат.

Мэрдин орун басары  Азамат Кадыров Чхонджу муниципалитетинин делегациясын жылуу кабыл алып, Корея Республикасынын Чхонджу шаары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу документке кол коюу аркылуу эки тараптуу шаарлар аралык мамилелерди өнүктүрүүнү талкуулашты.

Азамат Кадров Бишкек шаарынын мэриясы мындан аркы социалдык жана маданий-гуманитардык өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда, ошондой эле шаар куруу, транспорт, турак-жай жана курулуш тармагында тажрыйба алмашууда кореялык тарап менен кызматташууга ачык экенин белгиледи.

Шин Бенг Дэ мырза жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, кол коюлган меморандум туризм, транспорт жана бизнес тармактарында кызматташууга жардам берерин баса белгиледи.

Маалымат үчүн: Чхонджу– Түштүк Кореядагы шаар, Кымган системасындагы дарыя жээгинде, Чхунчхон-Пукто провинциясынын административдик борбору. Транспорттук түйүн. Калкы - 850 миң тургун.