Чүй облусунда ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча чет мамлекеттин жараны кармалды
30 январь

Чүй облусунда ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча чет мамлекеттин жараны кармалды

2026-жылдын 5-январында Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгына ЗСАО «Ингосстрах» компаниясынын башкармалыгынын өкүлү Ы.Н. кайрылып, «Д.А.Р.» жеке ишкерлигинин кызматкерлерине карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз берген.

Арызда 2025-жылдын апрель айынан декабрь айына чейинки аралыкта аталган жеке ишкерликтин айрым кызматкерлери ОСАГО камсыздандыруу полистерин сатуу учурунда ишенип берилген акча каражаттарын ыйгарып алып, коротуп жиберишкендиги жана алардын жалпы суммасы 7 085 708 (жети миллион сексен беш миң жети жүз сегиз) сомду түзгөндүгү, андан соң жашырынып кетишкени көрсөтүлгөн.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелген адам аныкталган. Ал 1985-жылы туулган, чет мамлекеттин жараны А.А. болуп чыккан. Шектүү Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча болгон окуянын бардык жагдайларын, ошондой эле мүмкүн болгон шериктештерин аныктоого багытталган тергөө аракеттери улантылууда.