Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
президенттин администрациясы
29 июнь

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүр шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имараты ачылды. 

Иш-чапана 27-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана курулуш министри Нурдан Орунтаев катышты.

Курулуш иштери 2025-жылдын күзүндө башталган. Жалпы аянты 271,9 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имаратта жыйындар залы, күтүү залы, архив, кабылдама, "Бирдиктүү терезе" кызматы жана техникалык бөлмөлөр жайгашкан. Заманбап талаптарга ылайык курулган имарат кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Буга чейин башкармалыктын жамааты эски имаратта иш алып барып келген.

Белгилей кетсек, 2025-жылдан тартып аймактардагы архитектура башкармалыктарынын административдик имараттарын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин республика боюнча 10дон ашык жаңы имарат пайдаланууга берилди. Алар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички каражаттарынын эсебинен курулууда.