Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген 1,5 га жер мамлекетке кайтарылды
28 июль

Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген 1,5 га жер мамлекетке кайтарылды

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаары, Мессарош көчөсү №100/1 дарегинде жайгашкан КР Транспорт министрлигине караштуу №7 мурдагы Бишкек жүк ташуучу ишканасынын жер тилкесин менчиктештирүү учурундагы мыйзам бузуулар аныкталды.

1995-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигине караштуу №7 Бишкек жүк ташуучу ишканасына өндүрүштүк автобаза үчүн 8,34 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилгени аныкталган.

Бирок 2004-жылы ишкана акционерлештирилип, “№7 Эл аралык жүк ташуучу автотранспорт ишканасы” ААК болуп өзгөртүлгөн. Менчиктештирүүнүн жүрүшүндө «Мамлекеттен ажыратуунун, менчиктештирүүнүн жана ишкерликтин жалпы башталыштары жөнүндө» Мыйзамдын 14-беренесинин 2-пунктунун талаптары эске алынбай, жер тилкесинин наркы төмөндөтүлгөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында “№7 Эл аралык жүк ташуучу автотранспорт ишканасы « ААКнын жооптуу адамдары менчиктештирүүдө нарктын төмөндөөсүн түшүнүп, ордун толтуруу катары ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына 1,5 Га өлчөмүндөгү жер участогун өткөрүп беришти.

Учурда баалоо экспертизасы дайындалды.