Бакытбек Суюнбаев Талас облусунун Манас районунун акими болуп дайындалды
21 ноябрь

Бакытбек Суюнбаев Талас облусунун Манас районунун акими болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Суюнбаев Бакытбек Сапарбаевич Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.