Таласта норвегиялык жарандын $200 миң мыйзамсыз ээлеп алган жаран кармалды
21 ноябрь

Таласта норвегиялык жарандын $200 миң мыйзамсыз ээлеп алган жаран кармалды

Айтматов милициясы чет өлкөлүк жарандын ири суммадагы акчасын алдоого шектүүнү кармады. Бул тууралуу Талас облустук милициясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Айтматов РИИБге Норвегия өлкөсүнүн 1985-ж.т. жараны арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Кыргыз Республикасынын Б.Т. аттуу жараны ишеничине кирип, алдоо жолу менен 200 000 (эки жүз миң) АКШ долларын мыйзамсыз ээлеп алганын жана ага карата Кыргыз Респубикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факт 2025-жылдын 16-ноябрында Айтматов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 

Айтматов РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Айтматов районунун тургуну 1985-ж.т. Б.Т. кармалып, Айтматов райондук сотунун токтому менен 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.