Чүй облусунда мал уурдоого шектелген топ кармалды
6 январь

Чүй облусунда мал уурдоого шектелген топ кармалды

2025-жылдын 27-декабрында болжол менен саат 21:29да Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Манас айылынын тургуну, 1972-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Манас айылында жайгашкан өзүнүн үйүнүн короосундагы кашарадан белгисиз адамдар 21 баш койун уурдап кетип, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин билдирген.

Бул факт каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-1-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталган. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 96-беренесинин негизинде үч адамдан турган топ кармалды:

2003-жылы туулган, А.И., 1999-жылы туулган, М.А., 1999-жылы туулган, И.Ш. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган койлордун жарымын шектүүлөр Кант шаарында сатып жибергени, ал эми калган бөлүгүн Токмок шаарындагы мал базарында өткөрүшкөнү аныкталган. Учурда алардын Чүй облусунун аймагында башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин аныктоо боюнча активдүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Тергөө улантылууда.