Саламаттык сактоо министри «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын жаңы жетекчисинин алдына стратегиялык милдеттерди койду
2026-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын жамаатына жаңы директорду расмий тааныштырды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, директор болуп Жунусов Болот Тологонович дайындалды.
Өз сөзүндө министр ачык жана так сигнал берди: «Кыргызфармациядагы» абал тез арада чечимдерди жана түп-тамырынан өзгөртүүлөрдү талап кылат. Өлкөдөгү бардык саламаттык сактоо уюмдарын жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу милдети жүктөлгөн ишкана акыркы жылдары системалуу кризиске кептелди. Каржылоо бар, бирок натыйжалуулук дээрлик нөлгө түшкөн. Сатып алуулар үзгүлтүккө учурап, мөөнөттөр сакталбай, калк жана ооруканалар өз убагында өмүр үчүн маанилүү дары-дармектерди жана жабдууларды ала албай жатат.
Министр белгилегендей, түзүлгөн кырдаалдын негизги себеби тышкы факторлор эмес, ички башкаруучулук көйгөйлөр: алсыз менеджмент, кызыкчылыктардын кагылышы жана айрым учурларда мурдагы жетекчилердин фармацевтикалык компаниялар менен түз схемаларга түздөн-түз катышуусу. Ошондуктан жаңы директорду тандоодо негизги критерий – фармацевтикалык мафиядан көз карандысыздык жана таза абийир болду. Жунусов Болот Тологонович фармацевтикалык тармактагы түзүмдөр менен эч кандай байланышы жок, мамлекеттик кызматта, эл аралык дипломатияда жана кризистик башкарууда тажрыйбасы бар жетекчи катары белгиленди.
Министр ошондой эле жетекчиликтин тең салмактуулугу директордун экинчи орун басары аркылуу камсыздалары белгиледи. Ал фармакология тармагындагы кесипкөй адистердин арасынан дайындалып, дары-дармек менен камсыздоо, сатып алуулар жана тизмелерди түзүү маселелерин кураторлук кылат. Бул фармацевтикалык багыттар боюнча, анын ичинде ДССУнун талаптарына жана сатып алуулар стандарттарына шайкештикти камсыздоого мүмкүндүк берет.
Министр жаңы жетекчиликтин негизги милдеттеринин бири катары ишенимдүү өндүрүүчүлөр менен түз иштөөнү жолго коюу, ортомчулар аркылуу сатып алуулардан баш тартуу жана «бир күндүк фирмалардан» медициналык жабдууларды сатып алуу практикасын токтотууну белгиледи. Мындай фирмалар жеткирүүдөн кийин жок болуп кетип, өлкөнү тейлөөсүз, оңдоосуз жана кепилдиксиз калтырып келет. Медициналык жабдуулар дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдөн, 15 жылдан кем эмес мөөнөткө кепилдик берген компаниялардан сатып алынышы керек. Маселе жөн гана үнөмдөөдө эмес, эл аралык патенттелбеген аталыштар боюнча сатып алуу жүргүзүп, коммерциялык манипуляцияларды жана таңууланган бренддерди жокко чыгарууда. Ар бир тендер айрым компаниялардын кызыкчылыгына эмес, саламаттык сактоо системасынын реалдуу муктаждыгына багытталышы зарыл.
Министр «Эл Аман» дарыканалар тармагынын жана логистиканын реструктуризациясына өзгөчө көңүл бурду. Жакын арада «Кыргызфармация» МИ 2 млрд сом өлчөмүндө мамлекеттик кредит алууну пландаштырууда, анын ичинен 500 млн сому калкты чындап жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу максатында «Эл Аман» дарыкана тармагын колдоого жана өнүктүрүүгө багытталат. Ошол эле учурда медициналык жабдууларды техникалык тейлөө боюнча борборлоштурулган сервис бөлүмү түзүлүп, ооруканаларга штаттык медициналык инженерлер киргизилет.
Жаңы директордун кыскача өмүр баяны:
· Туулган күнү: 1973-жылдын 23-августу, Фрунзе шаары (азыркы Бишкек).
· Билими: Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «тарыхчы» адистиги боюнча бүтүргөн, ошондой эле РФ ТИМинин Дипломатиялык академиясын аяктаган.
· Эмгек жолу: Бизнес түзүмдөрүндө иштеген, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп кызмат өтөгөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болгон.
Бул дайындоо мамлекеттик фармацевтикалык ишкананын ишин өнүктүрүү жана анын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча учурдагы милдеттер менен байланыштуу.
