Ош шаарында муниципалдык айып короо жайынын курулушу жүрүүдө
6 январь

Ош шаарында муниципалдык айып короо жайынын курулушу жүрүүдө

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, Манас-Ата аймактык башкармалыгынын аймагында муниципалдык айып короо (унаа токтотуучу жай) даярдалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Алсак, учурда Унаа токтотуучу жайдын аймагында бир канча иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда, тирөөч дубалдар курулуп, "Ошсвет" ишканасы тарабынан аймакка заманбап жарыктандыруу системасы орнотулууда.

Мындан тышкары, аймак грейдер техникасынын жардамы менен тегизделип, айланасына тосмолор тургузулуп жатат.

Бул жай 50–60 унаага ылайык жайгаштырылып, шаар ичиндеги жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана унаа токтотуу эрежелерин бузуу учурларын азайтуу максатында ишке ашырылууда.