Көңүл буруңуз! Бишкектин түндүк бөлүгүндө 1-октябрда суу жок болот
30 сентябрь

Көңүл буруңуз! Бишкектин түндүк бөлүгүндө 1-октябрда суу жок болот

Бишкектин түндүк бөлүгүндө 1-октябрда саат 9:00дөн 02:00гө чейин ичүүчү суу берүү өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мындай чара "Северный" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешкен:
- Күрөңкеев көч.,  Абдрахманов көч., Элебесов көч.,  Бельская көч., Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу пр.,  Жаш  Гвардия, БЧК,  Саадаев көч.

"Красный строитель", "Ак-Тилек", "Көлмө", "Алтын Бешик" жана "Салам Алик" конуштарында суу болбойт.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.