Мамлекет коргоону камсыздайт: В гепатитине каршы эмдөө уланууда
Калктын арасында В гепатитине каршы чоңдорду эмдөө боюнча кызыгуу күчөп жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бул багытта жүргүзүлүп жаткан алдын алуу иштери тууралуу актуалдуу маалыматтарды берүүнү зарыл деп эсептейт.
Эмдөө программасы пландуу тартипте жүрүүдө жана каалоочулар үчүн жеткиликтүү. 2022-жылдын декабрынан 2025-жылдын май айына чейин мамлекеттин каржылоосу жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өлкөгө 750 000 доза вакцина жеткирилген. 2025-жылдын 21-июнуна карата республика боюнча эмдөө пункттарында 72 159 доза бар, бул эмдөөнү үзгүлтүксүз улантууга мүмкүнчүлүк берет. 2024-жылы эмдөө курсун баштаган жарандар үчүн 2025-жылдын биринчи кварталында кошумча 55 000 доза алынган.
2025-жылдын 5-июнуна карата статистика:
- 1-дозаны алган жарандар – 261 400 адам
- 2-дозаны алган – 224 011 адам (85,6% биринчи дозаны алгандардан)
- 3-дозаны алган – 177 534 адам (67,9%)
Бул көрсөткүчтөр – чоңдор арасында эмдөөгө кызыгуу жогору экенин жана программанын ийгиликтүү жүрүп жатканын тастыктайт.
2024-жылы жеткирүүдө болгон айрым убактылуу үзгүлтүктөр глобалдык фармацевтикалык рыноктогу жагдай менен байланыштуу болгон. Ал мезгилде ири өндүрүүчүлөр өндүрүш көлөмү жана жеткирүү боюнча убактылуу чектөөлөрдү киргизген. Ошого карабастан, эмдөө кампаниясын каржылоо алдын ала каралган, ал эми ички логистикалык процесстер үзгүлтүксүз камсыздалган. 2025-жылдын экинчи жарымында кошумча 700 000 доза вакцина келери күтүлүүдө, бул эмдөөнүн туруктуулугун камсыз кылат.
ДССУнун сунушу боюнча:
В гепатитине каршы эмдөөнүн ортосундагы аралыктын узарышы вакцинанын эффективдүүлүгүн төмөндөтпөйт. Эгерде курс үзгүлтүккө учураса, аны биринчи мүмкүнчүлүк болгондо улантуу керек — кайра баштоонун кереги жок. Мисалы, эгер адам 1 же 2 дозаны алып, убакыт өтүп кетсе да, жетишсиз дозаларды кошуп алуу жетиштүү.
Акыркы жылдары гепатит учурларынын көбөйүшү — профилактика начарлаганынан эмес, скрининг иш-чараларынын күчөтүлүшү жана сапаттуу лабораториялык диагностикага жеткиликтүүлүк артканынан кабар берет. Мында мурун аныкталбаган же белгиси байкалбай өткөн учурлар көбүрөөк катталып жатат, бул өз убагында дарылоо баштоого шарт түзөт.
Министрлик эмдөөгө жана жугуштуу оорулардын алдын алууга жарандардын көңүл буруусу жогорулап жатканы — маалыматтык иштин жана жалпы саламаттык сактоо системасынын жаңылануусунун оң жыйынтыгы экенин белгилейт. Ошондуктан, министрлик мындан ары да так, илимий негизделген маалымат берүүнү улантып, алдын алууга жоопкерчилик менен мамиле кылган бардык жарандарга ыраазычылык билдирет.
