Интернеттеги коопсуздук: ИИМ студенттер жана окуучулар үчүн окутуучу лекцияларды өткөрүүдө
Жаштар арасында санариптик сабаттуулукту жана киберкоопсуздук деңгээлин жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштеринин алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Кибер башкармалыгы Бишкек шаарынын окуу жайларында конок лекцияларын уюштурду.
Лекцияларда заманбап санариптик доорго таандык маанилүү темалар талкууланды. Алар, «Дипфейк кантип иштейт», «Кибергигиена деген эмне» жана «Киберкылмыштуулуктун негизги багыттары» болду.
Жолугушуулар учурунда өзгөчө көңүл жеке маалыматтарды коргоо, жасалма аккаунттарды жана жасалма интеллект аркылуу түзүлгөн контентти таануу маселелерине басым жасалды. Лекторлор дипфейктин реалдуу мисалдарын көрсөтүп, заманбап технологиялар алдамчылык жана манипуляция үчүн кантип колдонсо болорун түшүндүрүштү.
Ошондой эле окуучуларга кибергигиенанын маанилүүлүгү, сырсөздөрдү үзгүлтүксүз жаңыртып туруу, эки факторлуу аутентификацияны колдонуу жана шектүү шилтемелерге кирбөө боюнча эскертүүлөр берилди.
Мындай иш-чаралардын негизги максаты - жаштардын санариптик коопсуздукка болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандыруу жана азыркы коомдо кеңири тараган киберкоркунучтар боюнча маалымдуулукту жогорулатуу.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Кибер башкармалыгы санариптик мейкиндикте өздөрүн жана жакындарын кантип коргоону мүмкүн болушунча көбүрөөк жарандар билиши үчүн, өлкөнүн аймактарында ушул сыяктуу жолугушууларды өткөрүүнү мерчемдеп келүүдө.
