ӨКМ өрт өчүрүүдө жардам берген кытайлык жолчуларды сыйлады 
20 ноябрь

ӨКМ өрт өчүрүүдө жардам берген кытайлык жолчуларды сыйлады 

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусупов бүгүн, 20-ноябрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы өрттү өчүрүү иштерине жардам беришкен Кытайдын “China Railway International” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. 

Министрдин орун басары жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай кызматташтыгына токтолуп, Кыргызстандын жол курулушуна зор салым кошуп жаткан кытай жолчуларына ийгилик каалады.

Ошондой эле жайлоодогу өрттү өчүрүүгө жардам берген компаниянын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мекемелик сыйлыктары менен сыйлады.

Эске салсак, 2025-жылдын октябрь айында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Кара-Көң жайлоосунда болжол менен 10 гектар аянты өрттөнгөн. Өрт өчүрүүчүлөргө кошумча ошол аймакта иштеп жаткан “China Railway International” кытай компаниясынын 45 жумушчусу жардам берип, жайыттын калган аянты тилсиз жоодон сакталып калган.