Жайыл РИИБдин кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын улантууда
2026-жылдын 5-январында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери райондун Ак-Башат айылында өткөрүлгөн «Көк бөрү» оюну учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер оюнга келген жарандарга жана уюштуруучуларга коопсуздук эрежелерин так сактоо, «Көк бөрү» чабышы маалында коопсуз аралыкты кармоо, ошондой эле балдарды кооптуу аймактарга киргизбөө боюнча эскертүүлөрдү беришти. Мындан тышкары, коомдук тартипти бузууга жол бербөө, чыр-чатактардын алдын алуу жана спирт ичимдиктерин колдонууга тыюу салуу боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле Жайыл РИИБдин кызматкерлери оюн аянтчасында коопсуздук чараларын уюштуруп, коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлгө алышты. Мындай алдын алуу иш-чаралары мындан ары да улантылып, жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган иштер күчөтүлмөкчү.
