Бишкекте туристтер үчүн санариптик инфраструктура түзүлөт.  Меморандумга кол коюлду
9 февраль

Бишкекте туристтер үчүн санариптик инфраструктура түзүлөт. Меморандумга кол коюлду

КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана Бишкек мэриясынын Санариптик технологиялар борбору өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан кабарлашты. 

Бул документ туристтик мобилдүүлүк тармагында санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган.

Анын алкагында:

  • туристтерди ташуу
  • санариптик навигация
  • туристтик маршруттарды шаардык системалар менен интеграциялоо
  • туристтик агымдарды талдоо

Кызматташтыктын алкагында:

  • туристтер үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүү
  • навигациялык жана маалыматтык чечимдерди киргизүү
  • маршруттарды «акылдуу шаар» системасы менен бириктирүү
  • биргелешкен пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу.

Бул кадам борбор калаанын туристтик инфраструктурасын жеткиликтүү, ыңгайлуу жана заманбап кылууга багытталган.