Чүй облусунда тоноого шектелген эки жаран кармалды
2025-жылдын 15-ноябрында Кемин РИИБге 2001-жылы туулган К.Ж. атту жаран кайрылып, 2025-жылдын 15-ноябрь түнү болжол менен саат 00:00дөн 01:00гө чейин Короол-Дөбө жана Калмак-Ашуу айылдарынын ортосундагы Чоң-Кемин өрөөнүндө достору менен «Honda Accord» үлгүсүндөгү унаада бара жаткан учурда, артынан «Toyota Camry» үлгүсүндөгү унаа кууп келип, алардын унаасын жол жээгине кыса баштаганын билдирген.
Унаалар токтогондон кийин белгисиз адамдар башка унаадан чыгып, арыз ээси К.Ж.га дене жаракатын келтирип, унаанын бардачогунда турган анын капчыгындагы 30 000 сом акчасын алып, окуя болгон жерден качып кетишкен.
Бул факты катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 206-беренеси (Тонтоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүүлөрдү аныктап, кармашты. Алар 2003-жылы туулган М.Н. жана 2006-жылы туулган А.Н. болуп чыкты. Экөө тең Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
